Сурабалдиева чиновниктер тууралуу: Бүгүн мактанат, эртең миллиарддаган каражат уурдайт
Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында парламент жыйынына келген чиновниктердин жүрүм-турумуна нааразы болду.
Ал вице-спикерлерге жана башкы прокурордун орун басарына кайрылып, мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине этика эмне экенин түшүндүрүп коюуларын суранды.
Ошондой эле жасап жаткан иши менен мактанган чиновниктер канчалык деңгээлде таза иштеп жатканы суроо жаратарын белгиледи.
“4 жыл мурда парламентке Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси келген, ал дагы жакшы сөздөрдү айткан. Андан соң 3 миллион каражат уурдаганын укук коргоо органдары расмий билдиришкен. Бир күндөн кийин эле жок, 3 миллион эмес, 30 миллиард деп айтылды. Эмнеге эл арасында нааразычылык чоң? Анткени жетекчилер отуруп алып көп нерсени мактанат, кыйратып жатабыз дешет, анан эле 3 миллиард, 30 миллиард уурдаганы ачыкка чыгат. Элдин баары ким кандай машина тепчү эле, азыр кандай машина тээп калды, мурда кандай үйдө жашачу эле, азыр кандай үйдө жашап калды – көрүп турат. Ким кандай байып жатканын билишет. Ошондуктан 30 миллиард дегенге жеңил ишенишет. Бирок 30 миллиард айтылганы менен ага иш козголгон жок. Туура эмес сүйлөп койгондор 2 жылдан 7 жылга чейин кетип жатышат. Мамлекеттин арты менен байыгандар жеңил кутулуп чыгышат”, – деди Сурабалдиева.
Ошондой эле ал Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго кайрылды:
“Мен отуруп алып эле суроо ойлоп таап бере калбайм да. Мен эл айтканды айтам. Эмоцияга алдырбаңыз, сиз депутат эмессиз, сиз чоң жетекчисиз. Сиз ушинтип жатсаңыз, аймактагы кызматкерлериңиз эмне болот. Салык системасынын ичинен чыккан киши эмессиз, андыктан кызматкерлериңиздин таза экенине кепилдик бере албайсыз. Райондордо кызматкерлериңиз эмне кылып жатканын, далай нерселерди билбейсиз. Ошонун баарын моюнга алыш керек. Айтса эле таарынасыңар”, – деди Сурабалдиева.
