Кыргызстанда кылмыш жасаган адамдардын 65%дан ашыгы иштеген да, окуган да эмес
сүрөт: depositphotos.com
1 октябрь

Кыргызстанда кылмыш жасаган адамдардын 65%дан ашыгы иштеген да, окуган да эмес

2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда кылмыш жасаган 15 миң 330 адам аныкталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7%га көп.

Аныкталган адамдардын 65,2%ы же 9 миң 994ү кылмыш жасаган учурда эч жерде иштеген да, окуган да эмес.

Ал эми 330 адам иштеген, 423ү окуучу же студент болгон.

Кылмыш жасаган адамдардын 14,1%ын аялдар, 4,2%ын жашы жете электер түзгөн.

Жаш курагы боюнча эң көп үлүштү 29 жаштан жогоркулар түзүп, алардын саны 9 миң 582 адамды түзгөн.