Шакиранын Бишкектеги концертине 12 миң сомдук билеттер эки саатта дээрлик сатылып бүттү
Сүрөт ачык булактардан алынды
1 октябрь

Шакиранын Бишкектеги концертине 12 миң сомдук билеттер эки саатта дээрлик сатылып бүттү

Бишкекте Шакиранын концертине эң арзан билеттер сатык башталгандан кийин болжол менен эки сааттын ичинде дээрлик сатылып кетти.

1-октябрда саат 11:30га карата көрүнүшү чектелген сектордогу 12 миң сомдук билеттерден болгону беш орун калган.

Алар да сатылгандан кийин кадимки орундардан 22 миңден 40 миң сомго чейинки билеттер калды.

Шакира Бишкекке Las Mujeres Ya No Lloran дүйнөлүк гастролдук турун алып келет. Концерт 18-октябрда саат 19:00дө Bishkek Arenaда өтөт. Программада ырчынын ар кайсы жылдардагы Hips Don't Lie, Whenever, Wherever, Waka Waka, She Wolf аттуу хиттери жана жаңы альбомундагы ырлар камтылган.

Сахна чыгыш трибунасынын тушуна жайгаштырылат. Ошондуктан анын артындагы секторлор жабык болот.

Билеттердин төртүнчү категориясы — 22 миң сом, үчүнчү категориясы — 28 миң, экинчи категориясы — 34 миң, биринчи категориясы — 40 миң сом. Негизги бий аянтындагы Ground Admission билети 27 миң сом болсо, сахнага жакын Fanzone 1 жана Fanzone 2 аймактарына кирүү 40 миң сомду түзөт.

Skybox үчүн бир адамга 30 миң сом төлөнөт.

VIP категориялары да каралган. VIP A жана VIP C билеттеринин баасы 120 миң сомдон, ал эми премиум VVIP билети 180 миң сом турат.

Эң жеткиликтүү билеттер сахнанын капталындагы көрүнүшү чектелген секторлордо 12 миң сомдон сатылган. Саат 11:30га карата алардын дээрлик бардыгы сатылып кеткен.