Кыргызстан менен Кения сот адилеттиги системасын санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашты
1 октябрь

Кыргызстан менен Кения сот адилеттиги системасын санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашты

Бириккен Улуттар Уюмунун Кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыш-жаза сот адилеттиги боюнча он бешинчи Конгрессинин алкагында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча Аймактык кеңсесинин колдоосу менен «Сот адилеттиги системасын санариптештирүү: жетишкендиктер жана көйгөйлөр» аттуу кошумча жыйын болуп өттү.

Жыйында Европа Биримдигинин БУУдагы Венадагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Карл Халлергард, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары статусундагы – юстиция министри Алмаз Айылчиев жана Кениянын Юстиция, адам укуктары жана конституциялык маселелер боюнча мамлекеттик департаментинин Башкы катчысы Жудит Найаи Рамаита-Парено айым саламдашуу сөздөрүн сүйлөштү.

Алмаз Айылчиев кылмыш-жаза сот адилеттигин санариптештирүү жана пробация кызматын өнүктүрүү жаатындагы Кыргызстандын тажрыйбасын тааныштырды. 2019-жылдан 2025-жылга чейин өлкөдөгү камактагылардын саны 20 пайызга кыскарып, колония-конуштардын саны 10дон 2ге чейин азайган.

Пробация системасында автоматташтырылган маалыматтык системалар, биометрикалык идентификация, 52 кеңседе күнү-түнү видеокөзөмөл, электрондук билериктер жана Face ID технологиясын колдонгон мобилдик тиркеме киргизилген. Сот системасында видеоконференцбайланыш, сот отурумдарын аудио жана видеого жаздыруу, ошондой эле онлайн-трансляциялар колдонулууда.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Нурбек Каимов ошондой эле Кыргызстанда кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө санариптик чечимдер ырааттуу киргизилип жатканын, укук коргоо органдары, прокуратура жана соттор ортосунда электрондук өз ара аракеттенүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан менен Кения сот адилеттигин санариптик трансформациялоо боюнча тажрыйба алмашып, заманбап технологияларды колдонуу, маалыматтарды коргоо, киберкоопсуздук жана сот адилеттиги системасында жасалма интеллектти пайдалануу маселелерин талкуулашты.

Иш-чара кылмыш-жаза сот адилеттигин санариптештирүү жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана практикалык чечимдер менен тажрыйба алмашууга маанилүү аянтча болуп берди.