Бишкекте жасалма документтерди даярдоого шектелген чет элдиктер кармалды
КР УКМК
1 октябрь

Бишкекте жасалма документтерди даярдоого шектелген чет элдиктер кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2026-жылдын 1-октябрында чет мамлекеттин эки жараны — 2002-жылы туулган А.А. жана 2003-жылы туулган И.М.Н. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Алар виза тариздөөгө байланыштуу жасалма документтерди даярдоого жана пайдаланууга тиешеси бар деп шектелүүдө.

Учурда окуянын бардык жагдайларын , ошондой эле жасалма документтерди даярдоого жана пайдаланууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.