Айсулуу Тыныбекова «Полчанки» тасмасынын экинчи бөлүгүндө роль жаратат
видеодон алынган кадр
1 октябрь

Айсулуу Тыныбекова «Полчанки» тасмасынын экинчи бөлүгүндө роль жаратат

Белгилүү кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова режиссёр Нурсултан Зарыловдун «Полчанки» комедиялык тасмасынын экинчи бөлүгүндө роль жаратат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Тыныбекованын айтымында, тасмага тартылуу менен анын бала кезиндеги эки кыялы орундалды.

«Балалыктагы эки чоң кыялым ишке ашты. Анын бири – аскердик форма кийүү, экинчиси – киного тартылуу», – деп жазган спортчу.

Тасманын жаратуучулары Тыныбекованы фильмдеги жаңы каарман катары тааныштырып, спортчунун киного тартылышы Кыргызстан үчүн алгачкы мындай тажрыйба болорун белгилешти.

«Полчанки» тасмасынын сюжетине ылайык, «Эгемен айымдар» кыймылынын активисттери нааразылык акциясынан кийин бир ай түрмөдө же бир ай аскерде кызмат өтөө тандоосунун алдында калышат. Кыздар эркектер менен тең аскердик кызмат өтөй аларын билдиргенден кийин, аларды аскердик тартип, катаал полковник жана тажрыйбалуу жоокерлер менен таймаш күтөт.

Тасманын режиссёру – Нурсултан Зарылов. Анда Динара Багышбаева, Нуркыз Токтогонова, Адэми Бейшенбекова жана Мээрим Төлөпберген да роль жаратышат. Тасманын узактыгы 1 саат 36 мүнөт.

33 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын күрөш федерациясынын аялдар күрөшү боюнча вице-президенти жана UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү. Ал Азиянын алты жолку, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү жана Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси.