«Мадина» базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери уланууда
1 октябрь

«Мадина» базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери уланууда

«Мадина» базарындагы өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатканы тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу, учурда өрттүн келип чыгуу жагдайларын жана келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча иштер улантылып жатканын билдиребиз.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын суммасы Свердлов райондук администрациясы тарабынан аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда тергөө иш-чаралары дагы деле уланууда. Тергөө иштеринин алкагында окуянын бардык жагдайлары, ошондой эле өрттүн келип чыгышына жооптуу адамдар аныкталууда.

Ушуга байланыштуу жабыркагандарга компенсация төлөнбөйт деп айтууга азырынча эрте. Бул маселе боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

Мындан аркы төлөмдөр жана компенсациялар маселеси тиешелүү тергөө жана текшерүү иш-чаралары аяктап, келтирилген чыгымдын акыркы өлчөмү аныкталгандан кийин каралат.