Кыргызстанда билим берүүнүн бирдиктүү санариптик экосистемасы түзүлүүдө
1 октябрь

Кыргызстанда билим берүүнүн бирдиктүү санариптик экосистемасы түзүлүүдө

  • Бүгүн, 1-октябрда, Кыргыз Республикасынын «Кабар» Улуттук маалымат агенттигинин имаратында «Билим берүү системасында коррупциянын алдын алуу» темасында маалымат жыйыны өттү.

  • Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Дүйшөн Акимжанов, Тарбиялоо жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков, Санариптик трансформация бөлүмүнүн башкы адиси Гулиза Кочорбаева, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

  • Маалымат жыйынында билим берүү тармагындагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, адам факторун кыскартуу, башкаруу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле билим берүү системасын санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билим берүү тармагындагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга, башкаруу процесстеринин ачыктыгын камсыз кылууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик форматка өткөрүүгө багытталган комплекстүү чараларды ишке ашырууда.

  • Билим берүүнүн бирдиктүү санариптик экосистемасы

  • Министрлик тарабынан билим берүү системасынын негизги багыттарын камтыган бирдиктүү санариптик экосистеманы түзүү иштери жүргүзүлүүдө.

  • Бүгүнкү күндө төмөнкү автоматташтырылган маалыматтык системалар ишке киргизилди:

  • АИС «Күндөлүк» — билим берүү уюмдарынын жана окуучулардын реестрлерин камтыйт;
    АИС «Балалык» — мектепке чейинки билим берүү уюмдарына электрондук кезеккке коюу системасы;
    АИС «Мугалим» — педагогдордун реестрин жана аларга байланышкан маалыматтарды санариптик башкарууга мүмкүндүк берет;
    АИС «Күбөлүк» — аттестаттардын жана билим берүү документтеринин реестрин жүргүзөт;
    АИС «Лицензиялоо» — берилген лицензиялардын жана жеке менчик мектептердин реестрин камтыйт.

    «Түндүк» жана электрондук мамлекеттик кызматтар

  • Министрлик мамлекеттик электрондук кызматтарды өнүктүрүүдө «Түндүк» системасы менен интеграцияны кеңейтүүдө.

  • Мектепке балдарды электрондук каттоо системасында ата-энелер үчүн онлайн арыз берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. 2026–2027-окуу жылында мектепке кабыл алуу эки этап менен электрондук форматта жүргүзүлүүдө.

  • Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды каттоо жана орундарды бөлүштүрүү үчүн колдонулган «Электрондук кезек» системасы «Балалык» порталына көчүрүлүп, интеграцияланды.

  • Кесиптик лицейлерге кабыл алуу да электрондук форматта жүргүзүлүп, абитуриенттер документтерин онлайн тапшыра алышат.

  • Мындан тышкары 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттарды, педагогдордун иштеген жеринен маалымкатты электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

  • Педагогдорду жана кадрдык резервди санариптик башкаруу

  • «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы педагогдор тууралуу маалыматтарды бирдиктүү базага топтоого, алардын квалификациясы жана кесиптик маалыматтары менен иштөөгө шарт түзөт.

  • 2026-жылдан тартып билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине талапкерлерди тандоо процесси толугу менен санариптешти. Мында талапкер «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасындагы жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө өтүнмө бере алат. Документтер 10 жумуш күнүндө талаптарга ылайыктыгы текшерилип, баары квалификациялык талаптарга ылайык деп табылган учурда талапкердин жеке кабинетине тестирлөөнүн датасы жана убактысы автоматтык түрдө жөнөтүлөт.

  • Ведомстволук сыйлыктарды ыйгарууну автоматташтыруу

  • Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктарын ыйгаруу процесси да санариптик форматка өткөрүлдү.

  • 2026-жылы биринчи жолу ведомстволук сыйлыктарды ыйгаруу «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында 105 педагог министрликтин ведомстволук сыйлыктарына татыды. Алардын ичинен 52 мугалим Ардак грамота менен сыйланып, 53 педагогго «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси ыйгарылды.

  • Бул ыкма сыйлыкка талапкерлер тууралуу маалыматтарды системалаштырууга жана тандоо процессинин ачыктыгын жогорулатууга шарт түзөт.

  • Жеке мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү

  • Билим берүү ишмердигин лицензиялоо процесси толугу менен санариптик форматка өткөрүлдү.

  • 2025-жылдын 8-декабрынан тартып жеке менчик башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырууга лицензия алуу үчүн арыздар жана документтер «Лицензиялоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу гана кабыл алынат.

  • Мындай механизм документ жүгүртүүнү кыскартып, лицензиялоо жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылууга жана адам факторун азайтууга шарт түзөт.