«Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда колдоо тапты
Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Мыйзам долбоорун Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты менчиктештирүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун негизги ыкмаларын өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик менчикти кайра түзүү процессин укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Тагыраагы, бул максатка жетүү үчүн мыйзам долбоору менчиктештирүү тартибин жөнгө салган укуктук ченемдерди актуалдаштыруу, мамлекеттик менчикти ажыратуу жол-жоболорун оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөштүрүү, менчиктештирүү процесстеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча милдеттерди карайт.
Талкуу маалында депутат Умбеталы Кыдыралиев Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык менчик кол тийгис экенин жүйө келтирип, менчиктештирилген объекттер боюнча мамлекеттик кепилдиктерди берүү маселесине токтолду.
Эл өкүлү Кубанычбек Самаков мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү тартибин тактап, менчиктештирүү процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу маселесине көңүл бурду.
Депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорун колдоп, сунушталып жаткан ченемдер менчиктештирүү процессин иретке келтирүүгө багытталганын айтты. Ошону менен бирге эл өкүлү ак ниеттүү сатып алуучулардын укуктарын коргоонун зарылдыгына токтолуп, бул маселеге байланыштуу көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын кошумчалады.
Депутат Талайбек Масабиров да ак ниеттүү сатып алуучулардын укуктары Жарандык кодекстин 291-беренесинде каралганын белгилеп, мыйзамда белгиленген кепилдиктердин аткарылышын камсыз кылуу керектигин айтты.
Өз кезегинде депутат Бактыбек Чойбеков Талас шаарындагы автобекетке тиешелүү жер тилкесин шаар мэриясынын балансына кайтаруу маселесин ортого салса, эл өкүлү Медина Кайрылбекова менчиктештирилген объекттер боюнча талаштуу иштердин жүрүшүнө байланыштуу маселе тууралуу сөз кылды.
Депутат Улан Сариев каралып жаткан мыйзам долбоору менен 14-беренеде каралган мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү усулдарынын ичинен конкурста сатуу, кийин сатып алуу укугу менен башкарууга берүү, кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү усулдарын күчүн жоготту деп таануу сунушталып жатканын билдирип: «Сегиз усулдун ичинен беш усул гана калып жатат. Анын ичинен аукциондо сатуу жана тикелей сатуу усулдары сакталууда», – деген эл өкүлү тикелей сатууну колдонуу учурларын тактады. Буга баяндамачы тикелей сатуу аукцион үч жолу өтпөй калды деп таанылган өзгөчө учурларда гана колдонуларын маалымдады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
