Араван районунда Жаштар борбору ачылат
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев бүгүн, 1-октябрда Ош облусунун Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында жайгашкан айылдык маданият үйүндө жүрүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.
Маалым болгондой, Пахта-Абад айылындагы айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүп, заманбап "Жаштар борборун" уюштуруу иши 2025-жылы башталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланууда.
Учурда курулуш иштери 95%га аткарылды. Имарат толугу менен жаңыланып, жаштар үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.
Облус башчысы Аманкан Кенжебаев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну, калган жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүүнү подрядчыга жана жергиликтүү бийликке тапшырды.
Борбор ишке берилгенден кийин айыл жаштарынын бош убактысын мазмундуу өткөрүүгө, чыгармачылык жана спорттук ийримдерге катышуусуна чоң шарт түзүлөт.
