Сүрөт ачык булактардан алынды
1 октябрь
Барпы театры Стамбулда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган маданий иш-чарага катышат
2026-жылдын 4-октябрында Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры Түркиянын Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган театрлаштырылган маданий иш-чарага катышат.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандан барган белгилүү өнөрпоздордун катышуусунда концерттик программа тартууланат.
Майрамдык кече Түркияда жашап, билим алып жана эмгектенип жүргөн мекендештер үчүн уюштурулуп, чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды бириктирүүгө жана Эгемендүүлүк майрамын биргеликте белгилөөгө багытталган.
Иш-чара 4-октябрда саат 18:00дө Стамбул шаарындагы Topkapı Kültür Parkı аймагында өтөт.
Кирүү акысыз.
