Дарыгер карылыктын алгачкы белгилери кайсы жашта башталарын айтты
Сүрөт ачык булактардан алынды
1 октябрь

Дарыгер карылыктын алгачкы белгилери кайсы жашта башталарын айтты

Адамда жаш куракка байланыштуу алгачкы өзгөрүүлөр 25–30 жаштан тарта эле байкала башташы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, организмдин картаюусуна байланыштуу негизги өзгөрүүлөр 45 жаштан кийин көбүрөөк байкалат.

«Жаш куракка байланыштуу өзгөрүүлөрдүн алгачкы белгилери 25–30 жашта эле пайда болушу мүмкүн. Бирок организмдин карылыгына мүнөздүү, мисалы, көздүн чечекейинин тунарышы же пресбиопия сыяктуу өзгөрүүлөр адатта 45 жаштан кийин байкала баштайт», — деди Умрюхин.

50 жаштан кийин организмдин функцияларынын төмөндөшү кыйла байкаларлык болуп калат. Атап айтканда, кан тамырларда атеросклерозго байланыштуу олуттуу өзгөрүүлөр пайда болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда жаш куракка байланыштуу өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы адамдын жашоо образына, кыймыл-аракетине жана психоэмоционалдык абалына жараша болот. Дарыгер маанилүү факторлордун бири катары стрессти жана организмдин андан кийин калыбына келүү жөндөмүн белгиледи.

Жаштыкты узак сактоо үчүн Умрюхин «орточо жүктөмдөр мыйзамын» карманууну сунуштайт. Анын айтымында, дене тарбия көнүгүүлөрү үзгүлтүксүз, ченемдүү жана организмге көнүмүш болушу керек. Жүктөм адамдын мүмкүнчүлүгүнөн ашпашы зарыл.

Буга чейин дарыгер-гериатр, невролог, нейрофизиолог жана геронтолог Валерий Новоселов күн сайын сейилдөөнүн жана күч көнүгүүлөрүнүн пайдалуу экенин белгилеген. Анын айтымында, каршылык көрсөтүүчү көнүгүүлөрдү жумасына эки-үч жолу жасоого болот.