Кыргызстанда турак жайды камсыздандырууда төлөмдөрдүн негизги себеби өрт болууда
Иллюстрациялык сүрөт
1 октябрь

Кыргызстанда турак жайды камсыздандырууда төлөмдөрдүн негизги себеби өрт болууда

Кыргызстанда турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу учурларынын арасында өрт эң көп катталууда. Бул тууралуу «Биринчи радионун» «Түз байланыш» программасынын эфиринде «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтын камсыздандыруу ордун толтуруулар жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысынын орун басары Наталья Аттаева билдирди.

Анын айтымында, турак жайдын зыянга учурашынын себептери боюнча өрттөн кийинки орунда сел жүрүү турат.

Аттаева белгилегендей, ишканалар менен уюмдардын мүлкүн ыктыярдуу камсыздандыруусунда да ушундай эле көрүнүш байкалат.

2026-жылы эле «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча 19,4 млн сом төлөп берген.

Ошондой эле ири компаниялар, социалдык жана муниципалдык объектилер, эреже катары, мүлкүн ыктыярдуу негизде камсыздандырарын кошумчалады.