Ички аудит маселесине байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды
1 октябрь

Ички аудит маселесине байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ички аудит жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. 

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, үнөмдүүлүк, натыйжалуулук жана майнаптуулук принциптеринин негизинде ички контроль тутумуна көз карандысыз жана объективдүү баа берүүнү камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун, мамлекеттик-муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин ички аудити боюнча ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү үчүн иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Болот Сагынаев кайсы мекеме болбосун жөнөкөй кызматкер жетекчисинин кемчиликтерин аныктап, жеткизчү жерлерге жеткире албайт го деген күмөн саноосун белгилеп, мыйзамда өзүнө-өзү каршы келген жагдайлар бар экенин кошумчалады. 

Ал эми депутат Медина Кайрылбекова ички аудит тутуму түзүлгөндөн бери канча аудиттик текшерүү жүргүзүлгөнүн сурады.

Өз кезегинде Үмүтжан Аманбаев 2025-жылы эле Финансы министрлигинин алдындагы Ички аудит кызматы 2 миңден ашуун уюмда аудит жүргүзсө, быйыл 96 мекемеде электрондук аудит өткөрүшкөнүн маалымдады. Ошону менен катар 2022-жылдан бери 8 миңдей аудиттик текшерүү болгон. 

Депутат Жаныбек Аматов болсо ички аудит менен Эсептөө палатасынын же башка тышкы аудиттин айырмасына кызыкты.

Суроого жооп берип жатып министрдин орун басары Эсептөө палатасы тиешелүү мыйзамдардын негизинде тышкы аудит жүргүзөрүн, ал эми ички аудит тутуму ички контроль системасын баалап, ар бир мекеменин жетекчисине өзүнүн отчетторун жана консультацияларын  берерин белгиледи. Ошону менен катар депутат Акылбек Түмөнбаевдин беш жылдан бери иштеп келе жаткан Ички аудит тутумунда канча кызматкер эмгектенери тууралуу суроосуна “Азыркы учурда 60 кызматкер иштесе, анын 51и мамлекеттик” – деп жооп берди. 

Андан тышкары, депутат Эльвира Сурабалдиева электрондук аудиттин аралыктан иштөө тартиби тууралуу жагдайга токтолсо, депутат Махабат Мавлянова коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында аудиторлордун айлык маянасын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылды. 

Депутат Кубанычбек Самаков тармактагы кызыкчылыктар кагылышы боюнча маселе көтөрсө, депутат Умбеталы Кыдыралиев мыйзам долбоору маанилүү экенин белгилеп, колдой тургандыгын кошумчалады. 

Ошондой эле депутат Алтынбек Кудайбердиев айрым беренелериндеги дал келбөөчүлүктөрдү мисал кылып, мыйзам долбоорун толук карап чыгууга чакырды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылып, биринчи окууда кабыл алынды.