Мээрим Жуманазарова Азия оюндарынын коло медалын тагынды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
1 октябрь

Мээрим Жуманазарова Азия оюндарынын коло медалын тагынды

Күн мурун, 30-сентябрда, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова 68 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Мээрим Жуманазарова мелдештеги алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Фируза Есенбаеваны 8:0 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу Түндүк Кореянын өкүлү Пак Сол Гум менен беттешип, жеңилип калган.

Коло медаль үчүн болгон беттеште Мээрим Жуманазарова Түштүк Кореянын өкүлү Пак Хён Гёнду 8:1 эсебинде жеңип, XX Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду.