Кыргызстанда туристтерди камсыздандыруу 38%га өстү
сүрөт: depositphotos.com
1 октябрь

Кыргызстанда туристтерди камсыздандыруу 38%га өстү

2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда туристтерди камсыздандыруу боюнча 59,1 миң келишим түзүлгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 38%га көп.

Туризмди камсыздандырууга түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 4,3%ы туура келген.

1-июлга карата бул келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 106,9 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 1,5 эсеге өскөн.

Жыл башынан бери камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 92,1 млн сомго жеткен. Бул өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына караганда 35,2 млн сомго көп.

Отчеттук мезгилде 841 камсыздандыруу учуру катталып, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 22 млн сомду түзгөн.