ЕАЭБде акы төлөнүүчү жолдордун операторлорунун өз ара иштешүүсү талкууланды
Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) евразиялык транспорттук коридорлордун тизмесине кирген акы төлөнүүчү автомобиль жолдорунун операторлорунун өз ара иштешүүсүн жөнгө салуу маселеси талкууланды.
Бул маселе 29-сентябрда Москвада өткөн ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитетинин 32-жыйынында каралды. Жыйынга энергетика жана инфраструктура боюнча министр Арзыбек Кожошев төрагалык кылды.
Жыйындын жыйынтыгында акы төлөнүүчү автомобиль жолдорунун операторлорунун өз ара иштешүүсү боюнча аналитикалык баяндама жактырылды.
Мындан тышкары, ЕАЭБдин 2027–2029-жылдарга транспорттук «жол картасынын» долбоору талкууланды. Андагы иш-чаралар бирдиктүү транспорттук мейкиндикти жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү боюнча иштерди улантууга багытталат.
Комитет жол боюндагы тейлөө кызматтарынын абалы, ички суу транспортун санариптештирүү жана электрондук навигациялык карталарды киргизүү, каботаждык жүк ташуулар программасын ишке ашыруу, ошондой эле ташуучуларды эл аралык автомобиль ташууларына киргизүү тартиби боюнча баяндамаларды да жактырды.
Ошондой эле евразиялык транспорттук коридорлордо метеорологиялык жана жол көрсөткүчтөрүн чогултуу жана алмашуу тартибинин долбоору, ошондой эле «Чыгыш–Батыш» жана «Түндүк–Түштүк» багыттарындагы транспорттук инфраструктуранын «тар» жерлеринин тизмеси жактырылды.
2027–2029-жылдарга транспорттук «жол картасынын» долбоорун 2026-жылдын октябрь айында Астанада өтө турган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин кароосуна киргизүү пландалууда.
