Кыргызстан 2026-жылы электромобилдерди бажы алымсыз алып келүү боюнча 25 миң автоунаага белгиленген квотаны толук пайдаланды
сүрөт: depositphotos.com
1 октябрь

Кыргызстан 2026-жылы электромобилдерди бажы алымсыз алып келүү боюнча 25 миң автоунаага белгиленген квотаны толук пайдаланды

Кыргызстан 2026-жылга белгиленген электромобилдерди бажы алымсыз алып келүү боюнча кеңейтилген 25 миң даана квотаны толук пайдаланды.

Эми электромобилдерди импорттоодо бажы төлөмү алардын бажылык наркынын 15 пайызын түзөт.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши август айында Кыргызстан үчүн кошумча 10 миң электромобилге квота бекиткен. Жаңы лимит 20-августта күчүнө кирип, 29-сентябрга карата Мамлекеттик бажы кызматынын онлайн эсептегичинде квотанын калдыгы нөлдү көрсөттү.

Алгач 2026-жылга Кыргызстан үчүн 15 миң электромобилге бажы алымсыз квота белгиленген. Ал июль айынын башына карата толук пайдаланылган.

Кошумча 10 миң даана бөлүнгөндөн кийин бажы алымсыз алып келүүгө уруксат берилген электромобилдердин жалпы саны 25 миңге жеткен.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылы квота 10 миң электромобилди түзүп, сентябрдын аягында толук пайдаланылган.

Ошентип, 2026-жылы Кыргызстан бажы алымын төлөбөй өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 эсе көп электромобиль алып келди. Бирок квота быйыл да дээрлик ошол эле мезгилде толугу менен түгөндү.