Жалал-Абадда эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар кабыл алынды
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон бир катар спортчуларды кабыл алып, жетишкендиктери менен куттуктады.
Ушул жылдын 19–20-сентябрь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча Дүйнө кубогунда Замирбек уулу Жоомарт 64 кг, Шерзат Кудайбердиев 71 кг салмакта III орунду ээлешкен.
Ал эми 24–28-сентябрь күндөрү Грузиянын Кутаиси шаарында өткөн кармаш уруш боюнча Дүйнө кубогунда Ислам Исмаилов 73 кг салмакта III орунга ээ болгон.
Мындан тышкары, 23-августта Арстанбап-Ата айыл аймагында Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган белбоо алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеште Курманбек Алимжанов 70 кг салмакта II орунду камсыздаган.
Жолугушууда Исламбек Увайдиллаев спортчуларды жеңиштери менен куттуктап, өлкөнүн намысын эл аралык мелдештерде татыктуу коргоп жатканын белгиледи. Ошондой эле спортчуларды даярдаган машыктыруучуларга ыраазычылык билдирип, алдыдагы мелдештерге ийгилик каалады.
