Рахат Жунушбаева Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору менен Ысык-Көлдү өнүктүрүүнүн илимий концепциясын талкуулады
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешинин Төрагасынын орун басары, депутат Рахат Жунушбаева Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору Сергей Волков менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун директору Наталья Никитенко да катышты.
Жолугушууда Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүүнүн илимий концепциясын иштеп чыгуу жана жаштарды долбоордук иштерге тартуу маселелери каралды.
Эл өкүлү Президент Садыр Жапаровдун БУУнун 81-сессиясындагы Ысык-Көлдү сактап калуу боюнча Эл аралык Траст-фонд түзүү демилгесине токтолуп, ага «Тескей Ысык-Көл» концепциясын да айкалыштыруу зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору Сергей Волков университеттин илимий-изилдөө мүмкүнчүлүктөрү мамлекеттик маанидеги стратегиялык документтерди даярдоодо биргеликте иш алып барууга даяр экенин ырастады.
