Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын саны дээрлик 67%га азайды
сүрөт: depositphotos.com
1 октябрь

Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын саны дээрлик 67%га азайды

2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын саны кыйла азайды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 100 миң адамга эсептегенде ооругандардын көрсөткүчү 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 66,8%га төмөндөгөн.

Өткөн жылдын январь–август айларында 100 миң адамга 82 учур катталса, быйыл бул көрсөткүч 27,3 учурду түздү.

Оорунун азайышы өлкөнүн бардык аймактарында байкалган.

Өзгөчө төмөндөө Баткен облусунда катталып, анда көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилиндеги деңгээлдин 3,3%ын гана түздү.