Семирүүнү дарылоо. Кыргызстанда жаңы дары каттоодон өттү
сүрөт: depositphotos.com
1 октябрь

Семирүүнү дарылоо. Кыргызстанда жаңы дары каттоодон өттү

Кыргызстанда семирүүнү дарылоого арналган «Тирзетта» дарысы каттоодон өттү. Бул тууралуу «Промомед» биофармацевтикалык компаниясынын өкүлү «Ведомостиге» билдирди.

Препараттын негизги таасир этүүчү заты — тирзепатид. Компаниянын маалыматына караганда, ал табитти азайтып, дене салмагын негизинен май ткандарынын эсебинен төмөндөтүүгө жана кандагы глюкозанын деңгээлин максаттуу көрсөткүчтө кармоого жардам берет.

Тирзепатид ГПП-1 жана ГИП рецепторлорунун кош агонисти болуп саналат.

Компаниянын билдиришинче, «Тирзетта» каттоодон өткөнгө чейин Кыргызстанда мындай таасирдеги дары каражаттары болгон эмес.

Тирзепатид «Биохимик» ишканасында, Саранск шаарында толук цикл менен өндүрүлөт. Компания препараттын курамында консерванттар, анын ичинде фенол жана бензил спирти жок экенин маалымдады.

«Промомед» компаниясынын аткаруучу директору Эдуард Касьян Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2024-жылдагы маалыматтарына таянып, Кыргызстанда чоң кишилердин 56 пайызында ашыкча салмак бар экенин айтты. Дүйнөлүк орточо көрсөткүч 45 пайызды түзөт.

Анын айтымында, Кыргызстанда ашыкча салмагы бар чоңдордун үлүшү 2020-жылдан 2024-жылга чейин 52 пайыздан 56 пайызга өскөн.