Президент Садыр Жапаров Лос-Анжелес шаарына келди
президенттин администрациясы
1 октябрь

Президент Садыр Жапаров Лос-Анжелес шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын биринчи улуттук спутнигин учурууга байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Лос-Анжелес шаарына келди.

Спутник SpaceX компаниясынын ракета алып жүрүүчүсү аркылуу орбитага чыгарылат.

Аэропорттон Мамлекет башчысын SpaceX компаниясынын глобалдык өнүгүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алды.