Баалуу кагаздарды жөнгө салуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
1 октябрь

Баалуу кагаздарды жөнгө салуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуудагы айрым жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана оптималдаштырууга багытталган. Тагыраагы, рыноктун катышуучуларына түшкөн административдик жүктү азайтуу, ашыкча талаптарды жоюу, жөнгө салуунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле ченемдик укуктук базаны санариптештирүүнүн заманбап шарттарына ылайыкташтыруу максаттары көздөлүүдө.

Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева акционердик коомдор тарабынан дивиденддерди төлөө тартибине көңүл буруп, сунушталып жаткан ченемди канча акционердик коом колдонушу мүмкүн экенине жана өткөн жылдар үчүн дивиденддерди төлөөгө багыттала турган каражаттын көлөмүнө кызыкты. Баяндамачы азырынча бул боюнча так маалымат жок экенин билдирди.

Ал эми эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев да дивиденддерди төлөө маселесин көтөрдү. Тактап айтканда, акционердик коомдун таза кирешесинин кеминде 25 пайызын дивиденд төлөөгө багыттоо талабын киргизүүнүн негиздүүлүгүн тактап, бул талапка талдоо жүргүзүп, белгиленген босогону төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керектигин кошумчалады.

Депутат Токтобүбү Ашымбаева баалуу кагаздардын ээлерине маалымат берүү тартибине байланыштуу суроо узатты.