Депутат коомдук тамактануу жайындагы ишкерлер үчүн салыкты 4% кылууну сунуштады
1 октябрь

Депутат коомдук тамактануу жайындагы ишкерлер үчүн салыкты 4% кылууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Советбек Рустамбек уулу кафе-ашкана иштеткен ишкерлер үчүн салык ставкасын 6 пайыздан 4 пайызга түшүрүүнү сунуштады.

“Жаңы иш баштаган жана өтө өнүгүп кете элек ишкерлер бар. Ошолорго салыкты 6 пайыздан ылдыйлатса болобу? Бул маселе боюнча экөөбүз көп сүйлөшкөнбүз. Бирок тааныш ишкерлер толтура да, алар биздин кайрылууну жеткирбедиң деп жатат. Ошондуктан суроону сизге бул жактан да берүүгө туура келди”, - деди депутат МСК төрагасы Шыкмаматовго кайрылып.

Алмамбет Шыкмаматов коомдук тамактануу жаатындагы ишкерлерге салык ставкасы ушул жылдын 1-январынан баштап 6 пайыздан 5 пайызга чейин ылдыйлаганын эске салды.

“Салык кодексине жыл сайын өзгөртүүлөр кирип турат. Биз быйыл 5 пайыз кылдык. А 4 пайызды эми келерки жылы кылышыбыз керек. Негизи эле биз дайыма ставканы ылдыйлатсак ылдыйлатабыз, бирок эч бир көтөрбөйбүз”, - деди ал.

Депутат ишкерлер Мамлекеттик салык кызматынын ишине ыраазы экенин, анткени мурда 80 миң сомдон салык төлөп жүргөндөр азыр 800-900 сом гана төлөп калганын айтты.

“Алардын катарында коомдук тамактануу жайларын да карап коюңуздар. Буларда декабрдан баштап март айына чейин өлүү сезон болот экен. Салыкка гана иштеп калабыз, 4 пайыз кылышса, кубанып төлөйт элек деп жатышат”, - деди Рустамбек уулу.