Базар администрациясы салык чогултпаса айыппул  – 1 млн. Шыкмаматов бул ыкманы эффективдүү деп эсептейт
1 октябрь

Базар администрациясы салык чогултпаса айыппул  – 1 млн. Шыкмаматов бул ыкманы эффективдүү деп эсептейт

Кыргызстандын Базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын ассоциациясы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүдөгү, соодагерлерден салыкты базар администрациясы чогултушу керек деген нормага макул эмес.

бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева билдирди.

“62-беренеде салыктык мыйзамдын сакталышына көзөмөл жүргүзүү деген жер бар. Бирок анын тартибин Министрлер Кабинети аныктай турганы белгиленген. Жазында Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору чыккан, ага ылайык, салык чогултуп бере албаган базар администрациясына 1 миллион сом айыппул салынат. Аталган ассоциация буга байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Ал сунуш колдоого татыктуу, анткени бизде Мамлекетик салык кызматы бар. Салыкты бир гана салыкчылар жыйнаы керек. Аны базар администрациясына жүктөп, анан дагы айыппул салуу туура эмес норма”, – деди депутат.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов: “Сиз мага суроо бердиңиз, мен эми сиздин сурооңузга жооп берсем болобу? Эгерде сиздин пикирге макул эмеспиз деп айтсам, уруксат бересизби?” – деди алгач.

Буга чейин ал депутат Элвира Сурабалдиева менен айтыша кетип, акырында депутат МСК төрагасына “мага жооп кайтарбагыла” деген. Шыкмаматов Култаеванын суроосуна жооп берээрден мурда Сурабалдиевага жооп берүүнү туура көрдү.

“Парламент – дискуссиянын аянтчасы. Мен да депутат болгом. Бири бирибиздин кадыр-баркыбызга шек келтирбей, талашып-тартыша турган, анан бир пикирге келе турган жер. Биз жооп бергенде айтышалы деген жокпуз. Чындык издейли, балким, сиздики туура, балким, биздикие кулак төшөйсүңөр деген нерсе болуп жатат. Менин суроомо жооп бербегиле деген – бул абсурд”, – деди Шыкмаматов.

Ошондой эле МСК төрагасы базардагы салыкты чогултуу милдетин базар администрациясына берүү боюнча мыйзамды депутаттар өздөрү колдоп бергенин эске салды.

“Айланайын депутаттар, бул мыйзамды сиздер колдоп бергенсиздер. Ошол маалда “Кара-Суу”, “Дордой”, “Мадина” базарларында кандай ажиотаж болуп жаткан. Биз кулдук уруп келип, мыйзамыбызды өткөрүп кеткенбиз. Уруксат бергиле, базардагылардын салыкчыларды көрөйүн деген көзү жок. Базар администрациясы светке, кайтарууга акча алат, алар ар бир соодагер менен байланышат, ошондуктан салык агенти болуудан кыйналышпайт дегенбиз. Базар администрациясы менен да сүйлөшкөнбүз, алар макул болушкан. Анан пендечилик экен да, кээ бири абийирдүү иштейт, кээ бири унутуп калат. Анан жоопкерчиликтүү болсун деп миллион сом айыппулду белгиледик. Бул маселеден чыгыш үчүн компромисске барып, базар администрациясын салык агенти катары калтырып эле, бирок айыппулду азайтып койсок болот. Мисалы, 500 миң сомго же 200 миң сомго. Эгерде кайра салык кызматкерлерине жүктөлсө, базарга бара баштайбыз, кайра рейд, текшерүүлөр башталат”, – деди Шыкмаматов.

Аны менен катар төрага базар администрациясы салык чогултпасын деген пикир бир гана адамга – Сергей Пономаревго, Базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын ассоциациясынын жетекчисине таандык экенин, ал эми соодагерлерге салыкты базар администрациясына берип коюу ыңгайлуу болуп жатканын кошумчалады.

Култаева бир адамдын пикири деп айтуу туура эместигин, ассоциация – бул толтура соодагерлер менен ишкерлердин бирикмеси экенин эскертти.