Сурабалдиева Шыкмаматовго кыскартууга учураган кызматкерлер тууралуу: Таза иштебегендерди кетирдиңерби же "крышасы" жоктордубу?
1 октябрь

Сурабалдиева Шыкмаматовго кыскартууга учураган кызматкерлер тууралуу: Таза иштебегендерди кетирдиңерби же "крышасы" жоктордубу?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева менен Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Сурабалдиева Мамлекеттик салык кызматы санариптештирүү алкагында ишкерлердин бардык маалыматына ээ болоорун белгилеп, бирок ошол эле убакта салык кызматкерлери атаандаш компаниялардын маалыматтарын бири-бирине жеткирбейт деген кепилдик канчалык экенине кызыкты.

“Эгерде маалыматтарды чыгарган салык кызматкерлери болсо, алар кандай жазаланышат?” – деди Сурабалдиева.

“Логика мындай: салык сыры деген түшүнүк бар, эгерде аны бузган салык кызматкери аныкталса, ал административдик же эмгек же кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул үчүн тиешелүү беренелер бар. Эгерде аракети Кылмыш жаза кодексине ылайык келсе, анда кылмыш жоопкерчилигине тартылат, эгерде андай болбосо, Эмгек кодекси боюнча жумуштан кетет”, - деди Шыкмаматов.

Депутат купуя маалыматтардын баарына ээ боло берүү Мамлекеттик салык кызматына аброй алып келбей турганын, ансыз да ак ниеттүү ишкерлердин 90 пайызын чоочутуп коюшканын белгиледи.

“Президент сыртка чыгып инвесторлорду келгиле деп чакырып жатат. А бул жакта ишкерлердин бардык маалыматына ээ болууну каалап жатасыздар. Жок дегенде карыздарды өндүрүп алууга болбой турган эсептерине ээлик кылбай эле койбосуңарбы?” – деди.

Шыкмаматов эгерде маалыматтарга ээ болуудан баш тартуу орун алса, анда тармак ишке ашырып жаткан санариптештирүүгө толук жетишүү мүмкүн болбой калаарын билдирди. Айтымында, коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы либералдуу. Мисалы, банк эсептерине жеткиликтүүлүгү жок. Банк эсептери тууралуу маалыматты соттун чечими менен гана сурамжылоо жөнөтүп ала алышат.

“Биз силерге банк эсептерине да доступ бергиле, банк кандай көрсө, биз да ошондой көрөлү. Биз дагы мамлекеттик мекемебиз деп келген жокпуз. Биз дайыма айтабыз банк сыры сакталышы керек деп, ага кирбейбиз”, - деди төрага.

Ошондой эле Шыкмаматов жасалма эсеп-фактуралар тобокелчилиги боюнча Сурабалдиева берген суроого жооп берип жатып, бул жерде көбүнчө жеткирүүчү менен алуучунун ич ара сүйлөшүүсү роль ойноорун айтты. Ал жасалма эсеп-фактуранын 99 пайызы ишкерлерге таанымал экенин кошумчалады.

“Алмамбет Насырканович, сиз абдан тез чиновникке айланып кеттиңиз. 99 пайыз ишкерлер билет деп атасыз, бирок салыкчылардын да 99 пайызы абийирдүү, чынчыл деп айта аласызбы, таза деп кепилдик бере аласызбы?” – деди Сурабалдиева.

“Жок, кепилдик бере албайм”, - деди анда Шыкмаматов.

“Жетекчи болгонуңузга бир жыл болду. Бир жылда Салык кызматын тазаладым, азыр жалаң тазалар отурат деп айта аласызбы? Жасалма счет-фактураны 99 пайыз ишкер билет деп жатасыз, салык кызматчыларынын 99 пайызы таза деп да айтып көрүңүзчү”, – деди депутат.

“Мен 99 пайыз ишкер шылуун деп айттымбы? Айтсам жоопкерчилик тартайын. Бул жерде канча адам угуп отурат, ошолордон сурайлы”, – деди Шыкмаматов.

Ошол учурда спикердин орун басары Жылдыз Садырбаева Шыкмаматовду “акырын сүйлөңүз” деп тыйды.

“Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, бир киши болгон трибунада кыйкырып, сөгүнгөн. Анын кандай болгонун билесиңер. Бизге келгенде мандатты сыйлагыла, силер мамлекеттик кызматкер экениңерди унутпагыла. Элдин атынан президент жана депутат гана сүйлөй алат. Эгерде депутатты сыйлабасаңар, жыйынга ордуңарга сыйлай турган адамды жөнөткүлө. Трибунадан элдин өтүнүчүн жеткирүү биздин милдет. Биз баарыбыз бир кайыктабыз. Эртең чоң процесс башталат. Кичинекей нааразычылыктар чоңго айланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан кайсы иш болбосун, сүйлөшүп, макулдашууга жетишүү керек. Санарип деп мактанып канча үй-бүлөнү жумушсуз калтырдыңар. Анын ичинде чын эле таза иштебегендер, туура эмес иштегендер кеттиби же крышалары жоктор эле кеттиби – суроо толтура. Эл арасында чыңалууну көбөйтпөгүлө. Мамлекеттик кызматкердин мантиясын кийдиңерби, болду, саясатчы эмессиңер. Бул парламент. Адашпагыла. Мага жооп кайтарам деп аракет кылбагыла”, – деди Сурабалдиева.

Шыкмаматов “жооп кайтарбагыла” дегенден кийин дагы жооп берүүгө аракеттенди эле, Жылдыз Садырбаева ага жол берген жок.