Курулуш объектилери текшерилип, 17 компанияга эскертүү берилди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана анын Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерин көзөмөлдөө иштери туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында объектилердеги курулуш нормаларынын, ченемдеринин жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышы, курулуш аймактарынын талаптагыдай уюштурулушу, курулуш иштеринин белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүшү текшерилүүдө.
Натыйжада 17 курулуш объектисинде бир катар кемчиликтер аныкталып, тиешелүү компанияларга аларды жоюу жана белгиленген талаптарды так сактоо боюнча жазуу түрүндө эскертүүлөр берилди.
Алардын катарында:
1. “Зстек Строй” ЖЧКсы — Кийизбаев көчөсү 46а, 48, 50 жана Заречный көчөсү 51, 53 даректериндеги көп кабаттуу объект;
2. “Action” ЖЧКсы — Малдыбаев көчөсү 246 дарегиндеги 14 кабаттуу турак үй объект;
3. “Левел Констракшн” ЖЧКсы — Айни көчөсү 10, 14 кабаттуу турак үй;
4. “Роял Констракшн” ЖЧКсы — Молдобасанов көчөсү 86 , 22 кабаттуу турак үй;
5. “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жол компаниясы — Калыка Акиев көчөсү 95 дарегиндеги административдик-тиричилик корпусу.
6. “03 Новотех” ЖЧКсы — Аламүдүн району, Орто-Сай айылындагы 13-контурда жайгашкан көп кабаттуу турак жай комплекси, мейманкана жана жер алдындагы автопаркинг;
7. “Каскад Групп” ЖЧКсы — Орто-Сай айылы, Солнечный көчөсүндө жайгашкан 8 кабаттуу турак жай;
8. “Бай Турмуш Инвест” ЖЧКсы — Лонгвиненко көчөсү 25, 30 кабаттуу көп функционалдуу турак жай комплекси;
9. “МНС Холдинг” ЖЧКсы — Лебединовка айылы, Ленин көчөсү 222 дарегиндеги 16 кабаттуу объект;
10. “Монолит Капитал Строй” ЖЧКсы — Лебединовка айылы, Мичурин көчөсү 163, 16 кабаттуу курулуш объектиси;
11. “Семак Груп” ЖЧКсы — Леваневский көчөсү 110, 17 кабаттуу объект;
12. “Имарат Прогресс” ЖЧКсы —Валиханов көчөсү 1/2, 1/4, 1/5, 1/6 даректериндеги 16 кабаттуу объект;
13. “Монолит Капитал Строй” ЖЧКсы — Молдокулов көчөсү 100/1, 16 кабаттуу объект;
14. ”Альфа Аура” ЖЧКасы- Ауэзов жана Чүй көчөлөрүндө салынып жаткан 9 кабаттуу турак үй;
15. ”Дивизион Девелопмент” ЖЧКасы- Зеленный 7/1 дарегиндеги 9 кабаттуу турак үй;
16. ”СиартСпейс” ЖЧКасы- Масалиев 55 дарегиндеги 4 кабаттуу административдик кеңсе;
17. ”Старт Компани” ЖЧКасы- Панфилов 162 дарегиндеги "М. Куренкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайы үчүн жатаканасы бар 8 кабаттуу окуу корпусу".
Аныкталган кемчиликтерди жоюу жана курулуш иштерин белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүү боюнча берилген эскертүүлөрдүн аткарылышы департамент тарабынан көзөмөлгө алынат.
Курулуш ченемдерин, коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптарын бузууга жол берген объекттер боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.
