Салык чөйрөсүнө тиешелүү айрым мыйзам актыларын өзгөртүү сунушталууда
1 октябрь

Салык чөйрөсүнө тиешелүү айрым мыйзам актыларын өзгөртүү сунушталууда

Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. 

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева аталган долбоорго карата шайлоочулардан келген бир катар суроолорду узатып, салык кызматкерлеринин жоопкерчилигине байланышкан жагдайларга да токтолду. 

Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын ассоциациясы тарабынан келген кайрылуулар тууралуу сөз кылып, салыкты Салык кызматы гана чогултушу керектигин, аны базардын администациясына жүктөп, чогултпаса айып пул салуу туура эмес экенин жүйө келтирди.  

Бирок Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов ушундай эле механизмди калтырып, 1 млн сомдук айып пулду азайтуу боюнча тиешелүү бардык тараптар менен маселени талкуулоо сунушун берди. 

Депутат Советбек Рустамбек уулу айрым ишкердик түрлөрүнө карата салыкты азатуу, анын ичинен коомдук тамактануучу жайлардын салыктык төлөмүн төмөндөтүү боюнча көптөгөн кайрылуулар келип жатканын маалымдады. 

Андан тышкары депутат Токтобүбү Ашымбаева долбоорлорду айрым түшүнүктөрдү тактап, алардын кээ бирин толуктоо керектигин кошумчаласа, депутат Махабат Мавлянова мыйзамды иштеп чыгууда ишкерлердин да сунуштарын эске алууга чакырды. 

Ошондой эле депутат Бурул Аманова тигүүчүлүк тармакта эмгектенгендердин иши солгундаганын мисал келтирип, андыктан аталган өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Муну менен бирге чет өлкөдөгү эмгек мигранттар үчүн салыктык жеңилдиктерди берүү демилгесин көтөрдү.   

Депутат Нилуфар Алимжанова акциздик товарларга байланыштуу айып пулдардын өлчөмү тууралуу маселеге токтолуп, чакан ишканаларга да көп көлөмдөгү айып пулдар салынып жатканын мисал кылса, депутат Улан Сариев долбоордун айрым беренелери боюнча сөз кылып, кайталанып жасалган мыйзам бузуулар үчүн салынган айып пулдар ишкерлерге зыянын тийгизерин жүйө келтирди. 

Ал эми депутат Айгуль Ахмедова ишкерлер үчүн салыктык каникулдарды берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууга үндөсө, депутат Талайбек Масабиров баалуу металлдарга жана курулуш материалдарына тиешелүү салыктык төлөмдөр тууралуу сөз кылды. 

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.