Кыргызстанда турак жайлардын 37%ы камсыздандырылган
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 сентябрь

Кыргызстанда турак жайлардын 37%ы камсыздандырылган

Кыргызстанда турак жайларды камсыздандыруу 37%га жетти. Бул тууралуу «Түз байланыш» программасынын эфиринде «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтын камсыздандыруу төлөмдөрү жана ордун толтуруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Наталья Аттаева билдирди.

Анын айтымында, турак жайды камсыздандыруу рыногу өсүүдө. 2025-жылы бул сегменттеги Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун үлүшү 15,6% болсо, 2026-жылы 25%га жеткен.

Уюмдун маалыматына караганда, келишимдердин саны өскөн сайын адистерге болгон жүк да көбөйүүдө. Жарандарга мыйзам талаптарын, камсыздандырууну тариздөө эрежелерин жана төлөмдөрдү эсептөө тартибин түшүндүрүү зарыл болууда.

Ошол эле учурда турак жайды камсыздандырбагандыгы үчүн азырынча айып пул салынбайт. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму негизги көңүлдү калкты камсыздандыруунун артыкчылыктары тууралуу маалымдоого буруп жатканын белгиледи.