Сүрөт ачык булактардан алынды
30 сентябрь
Вячеслав Володин Мамдуманын IX чакырылышынын төрагасы болуп шайланды
Вячеслав Володин Россиянын Мамлекеттик Думасынын IX чакырылышынын төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин 406 депутат колдоду.
Мамлекеттик Думанын төрагалыгына Володиндин талапкерлигин «Бирдиктүү Орусия» фракциясы сунуштаган. Ал эми Россия Федерациясынын Коммунисттик партиясы Дмитрий Новиковдун талапкерлигин көрсөткөн.
Добуш берүү альтернативдүү негизде электрондук система аркылуу өттү. Анын жыйынтыгында Новиков 36 добуш алды.
Володин Россия парламентинин төмөнкү палатасын катары менен үчүнчү чакырылышта жетектейт. Буга чейин ал Мамлекеттик Думанын VII жана VIII чакырылыштарынын төрагасы болгон.
