Масабиров: Кыргызстанда жылына 1700дөй бала тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 сентябрь

Масабиров: Кыргызстанда жылына 1700дөй бала тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлөт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Масабиров жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар мамлекеттин колдоосуна муктаж экенин билдирди. 

Айтымында, жылына 1500-1700дөй бала тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлүшөт. 

“Бир жылда өлкөдө 140-150 миң бала төрөлсө, анын бир пайызы тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөндөр. Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу институтундагы балдар кардиологиясында 20 керебет бар, а реанимациясында болгону 6 керебет. Ал эми бир жылда 300-350 баланын жүрөгүнө операция жасалат”, - деди депутат. 

Ал жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын ата-энелеринин, айрыкча айыл тургундарынын суранычын эске алуу менен өз сунушун жолдоду. 

Биринчиден, депутат Ош шаарындагы балдар ооруканасынын жанына кошумча корпус куруу зарылдыгын айтты. Экинчиден, Бишкектеги Жал кичирайонундагы балдар ооруканасына да кошумча корпус керектелет. 

“Операция үчүн баары Бишкек шаарына келишет экен. Кезек көп болуп, аргасыздан көбү чет өлкөлүк клиникаларга кайрылууга муктаж болушат. Кошумча корпустарды куруу менен адистерди даярдоого тийишпиз. Бул жаатта мамлекеттик программа кабыл алып, аны “Балдар кардиохирургиясын өнүктүрүү” деп атап, каржылоо маселесин чечүүнү сунуштайм. Ошондой эле убагында жардамдын жетишсиздигинен ара төрөлгөн балдар чарчап калган учурлар көп. Муну да эске алуу керек”, - деди ал.