Азия оюндары – 2026: Денис Петрашов күмүш медалдын ээси
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 сентябрь

Азия оюндары – 2026: Денис Петрашов күмүш медалдын ээси

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, спортчу алгачкы жарышта 2:11.13 убакытта сүзүп келип, биринчи орунду камсыздаган.

Финалдык жарышта Денис Петрашов 200 метр аралыкты 2:08.67 убакытта сүзүп өттү.

Жыйынтыгында спортсмен экинчи орунду ээлеп,Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду.