Манас: мэр таң эрте коомдук транспорттун каттамдарын текшерди
24 сентябрь

Манас: мэр таң эрте коомдук транспорттун каттамдарын текшерди

Бүгүн, 24-сентябрда, Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов жарандардан түшкөн коомдук транспортко байланыштуу кайрылууларды эске алуу менен шаардагы автобустардын таңкы каттамдарын жеринде текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым аялдамаларда таңкы убакта жүргүнчүлөрдүн саны көбөйүп, автобустарга батпай калган учурлар орун алып жаткандыгы аныкталды. Өзгөчө окуучулар жана студенттер сабакка, ал эми жарандар жумушуна жетүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жатканына көңүл бурулду.

Шаар башчысы муниципалдык автобазанын жетекчисине окуучулар менен студенттер окууга барып-келген убакта автобустардын каттам аралык интервалын кыскартуу, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана жүргүнчүлөрдүн жумушка, окууга өз убагында жетүүсүн камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле коомдук транспорттун каттамдарын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, жарандардын кайрылууларына өз убагында чара көрүү зарылдыгы белгиленди.