Шаарлардын экологиялык абалы изилденет. Депутаттык комиссия түзүлдү
Жогорку Кеңеш
24 сентябрь

Шаарлардын экологиялык абалы изилденет. Депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн, 24-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Ишеним» депутаттык тобунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын шаарларынын экологиялык абалын изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, кабыл алынды.

Аталган комиссиянын курамына депутаттар Бактыбек Чойбеков, Улан Сариев, Улукбек Узакбаев, Махабат Мавлянова, Чолпон Эсенаманова жана Алтынкуль Мурзакимова кирди.