Абанын булганышына жол берген. «АБанк» 23 миң сомго айыпка жыгылды
видеодон алынган кадр
24 сентябрь

Абанын булганышына жол берген. «АБанк» 23 миң сомго айыпка жыгылды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы интернет булактарында тараган абаны булгаган унаа тууралуу маалыматты карап чыгып, тиешелүү текшерүү иштерин жүргүздү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашкандай, анын натыйжасында абаны булгаган унаа «АБанк» мекемесине таандык экендиги аныкталды.

Аталган факты боюнча «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык, «АБанк» мекемесине 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, унаадагы аныкталган кемчиликтерди тез арада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча эскертүү берилди.