Кокулов Бишкек мэриясына: Силердин жарымыңар блогер болуп кеттиңер
24 сентябрь

Кокулов Бишкек мэриясына: Силердин жарымыңар блогер болуп кеттиңер

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарууну унутуп, социалдык тармактарда өздөрүн таанытууга көбүрөөк көңүл бура баштаганын билдирди.

Парламенттин жыйынында ал Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге кайрылып, шаардагы жолдорду оңдоонун сапаты боюнча маселени көтөрдү.

Кокулов жолдорду оңдоодогу көйгөйлөргө комментарий берип жатып, мэр подрядчылардын жоопкерчилиги тууралуу айтканын эске салды. Бирок депутат жоопкерчилик мэриянын өзүндө да бар деп эсептейт. Анткени аткарылган иштерди дал ушул мэриянын түзүмдөрү көзөмөлдөп, кабыл алат.

Анын айтымында, мэрия долбоорду жана сметаны даярдап, андан кийин тендер жарыяланып, подрядчы аныкталат. Кийин муниципалдык түзүмдөр аткарылган иштерди этап-этабы менен кабыл алып, бардык процессти көзөмөлдөйт.

Депутат подрядчы кепилдик милдеттенмелеринин алкагында кемчиликтерди жоюуга милдеттүү экенин, бирок буга бир нече ай талап кылынышы мүмкүн экенин белгиледи. Бул убакыт аралыгында жолдун көйгөйлүү тилкеси жабык бойдон калып, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн.

Ошондой эле Кокулов чиновниктердин социалдык тармактардагы активдүүлүгүн сынга алды.

«Силердин жарымыңар блогер болуп кеттиңер. Мейли, блогер болгула, ишиңерди көрсөткүлө, мен каршы эмесмин. Бирок калп айтпай, элге туура эмес маалымат бербегиле. Силер, мамлекеттик кызматкерлер, эл үчүн иштейсиңер. Эл болуп жаткан нерсени көрбөйт деп ойлойсуңарбы?» – деди ал.