Камбар-Ата-1 ГЭС долбоору боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү
2026-жылдын 21–23-сентябрында Алматы шаарында Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү.
Сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн тышкы иштер, энергетика, каржы, суу ресурстары жана башка тиешелүү тармактардагы мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын делегациясын энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов, Казакстан Республикасынын делегациясын Казакстан Республикасынын Суу ресурстары жана ирригация боюнча биринчи вице-министри Нурлан Алдамжаров, Өзбекстан Республикасынын делегациясын Өзбекстан Республикасынын энергетика министринин биринчи орун басары Умид Мамадаминов жетектеди. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү сүйлөшүүлөргө байкоочу катары катышты.
Алматы шаарында өткөн үчүнчү раунддун жүрүшүндө тараптар өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун талкуулоону улантышты. Анда долбоорду биргелешип ишке ашыруу жана башкаруу механизмдери, аны каржылоого карата ыкмалар, ошондой эле үч өлкөнүн мындан аркы координациясы боюнча маселелер каралды.
Эске салсак: өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору боюнча биринчи раунддагы сүйлөшүүлөр Бишкек шаарында 2026-жылдын 31-марты – 2-апрелинде, экинчи раунд Ташкент шаарында 2026-жылдын 28–30-апрелинде өткөн. Үчүнчү раунддун Алматы шаарында өткөрүлүшү Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын долбоорду биргелешип ишке ашыруунун негизги шарттарын макулдашуу боюнча ырааттуу иштеринин кезектеги этабы болуп саналат.
Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстандын ири энергетикалык долбоорлорунун бири болот. ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 1 860 МВт, ал эми электр энергиясын орточо жылдык өндүрүүсү болжол менен 6 млрд кВт·саатты түзөт.
