Ош шаары менен ЕККУ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулады
Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиевич Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаары менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана шаар үчүн маанилүү болгон багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери талкууланды.
Тараптар кызматташтыктын учурдагы багыттары боюнча пикир алмашып, алдыдагы биргелешкен иштердин артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана белгиленген багыттар боюнча биргелешкен иштерди улантуу боюнча макулдашуу жетишилди.
