Бишкекте эми автобустун айдоочулары оройлук кылса айлыгы 20%га кесилет
Бишкек мэриясы
24 сентябрь

Бишкекте эми автобустун айдоочулары оройлук кылса айлыгы 20%га кесилет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын бригадирлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда айдоочулардын эмгек акысын төлөө үчүн жаңы системаны киргизүү маселеси каралды.

Жаңы системага ылайык, эмгек акынын өлчөмү белгиленген эмгек талаптарынын аткарылышына, жумуш убактысынын нормасынын сакталышына жана иштин сапатына жараша аныкталат.

Тактап айтканда, айдоочунун ишине байланыштуу даттануу келип түшүп, анын негиздүүлүгү тастыкталган учурда эмгек акынын өлчөмү 20 пайызга чейин азайтылышы мүмкүн. Ошондой эле белгиленген жумуш убактысынын нормасы аткарылбаган учурда төлөмдүн өлчөмүн азайтуу каралган.

Жолугушуунун жүрүшүндө бригадирлерге эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын колдонуу тартиби жана эмгек акынын өлчөмүнө таасир этүүчү негизги критерийлер түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, айдоочулардын кыймыл графигин сактоосу, эмгек тартиби жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты боюнча маселелер талкууланды.

Жаңы системаны киргизүү «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатууга, белгиленген эмгек нормаларынын сакталышын камсыз кылууга жана борбор калаада жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жакшыртууга багытталган.