Кореядан мыйзамсыз алып келинген автоунаа жана кар мотоцикли үчүн 1,8 млн сом өндүрүлдү
24 сентябрь

Кореядан мыйзамсыз алып келинген автоунаа жана кар мотоцикли үчүн 1,8 млн сом өндүрүлдү

«Түндүк» темир жол бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын табышты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Корея Республикасынан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына 2025-жылы чыгарылган TOYOTA CAMRY жана 2024-жылы чыгарылган BOMBARDIER SKI SNOW транспорт каражаттары транзиттик декларациясыз жана товарды коштоочу документтерсиз алып кирилгени аныкталды.

Кыргыз Республикасынын бюджетине келтирилген зыяндын өлчөмү туумдарды эске алуу менен 923 472 сомду түзгөн.

Чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын орду эки эселенген өлчөмдө — 1 846 944 сом суммасында өндүрүлдү.