Бекназаров Туманбаевди президенттен кийинки «экинчи адам» деп атады
видеодон алынган кадр
24 сентябрь

Бекназаров Туманбаевди президенттен кийинки «экинчи адам» деп атады

Саясатчы Азимбек Бекназаров президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевди, өзүнүн пикиринде, аткарылып жаткан иштердин көлөмү боюнча бийликтеги экинчи адам катары атады.

Ал мындай пикирин Айбек Теңизбайдын подкастында билдирди.

«Азыр ал өзүнүн жасаган иштери менен чындап эле экинчи адам экенин көрсөтүп жатат», – деди Бекназаров.

Ал кадрлардын жетишсиздиги тууралуу сөздөр айтылып жатканына карабастан, акыркы жылдары Кыргызстанда ири мамлекеттик долбоорлор көп ишке ашырылып жатканын белгиледи. Бекназаровдун пикиринде, президент үчүн берилген тапшырмаларды аягына чейин жеткире алган аткаруучулардын болушу маанилүү.

Саясатчы буга мисал катары ири объектилердин, жолдордун, ипотекалык турак жайлардын жана базарлардын курулушун атады.

«Каныбекти жакшы көрүшүң мүмкүн же жактырбашың мүмкүн, бирок факт бар: объектилер курулуп жатат, иштер аткарылууда», – деди Бекназаров.

Ошондой эле ал Туманбаевди Аксы районунан чыккан жердеши катары тааный турганын айтты.

«Ал менин Аксымдан чыккан иним. Аны абдан жакшы тааныйм деп айта албайм, бирок ал бизге дайыма сый-урмат менен мамиле кылчу, биздин батабызды алып жүрдү. Президент кайсы долбоорду кимге ишенип тапшырууну өзү чечет. Ал Каныбекти тандады, көрө албастык кылуунун кереги жок», – деди саясатчы.