Кыргызстан менен Улуу Британия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет
Экономика министрлиги
24 сентябрь

Кыргызстан менен Улуу Британия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 22-сентябрда Нью-Йорк шаарына сапарынын алкагында Улуу Британиянын тышкы иштер министри Эд Милибэнд менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Тараптар кыргыз-британ соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын жана өз ара кызыкчылык туудурган башка маселелерди талкуулашты.

Жолугушууда тараптар биргелешкен иште жетишилген жылыштарды жана кызматташтыктын оң динамикасын, анын ичинде санкцияларга байланыштуу маселелер боюнча да, белгилешти. Алар келип чыккан маселелерди өз убагында карап чыгып, эки тарапка тең алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашты.

Бакыт Сыдыков кыргыз тараптын Улуу Британия менен ачык жана предметтүү диалогду улантууга, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана эки тарапка тең пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдиришти.