Курулуш министрлиги
24 сентябрь
Нурдан Орунтаев Курулуш министрлигинин жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн, 24-сентябрдаьминистрликтин жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай кызматка төмөнкүлөр келди:
- министрдин орун басарлыгына Жыргалбек Медетканов,
- Инженердик изилдөөлөр департаментинин директорлугуна Санжар Маткулов.
- Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорлугуна Ислан Момоканов.
Министр Нурдан Орунтаев кызматка дайындалган жетекчилерди куттуктап, аларга кызматтык ишмердигинде ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле министр ар бир жетекчиге жүктөлгөн милдеттерди так жана сапаттуу аткаруу, ишти уюштурууда жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жана министрликтин алдына коюлган маанилүү милдеттерди өз мөөнөтүндө ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.
