Geely Auto Group компаниясы Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачууга кызыкдар
Министрлер кабинети
24 сентябрь

Geely Auto Group компаниясы Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында КЭРдин бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Тактап айтканда, министрлер кабинетинин башчысы «Geely Auto Group» компаниясынын башкы кеңсесине барып, уюмдун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Делегацияны ишкананын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, корпорациянын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, миссиясы жана потенциалы тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин тастыктап, Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачуу, тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул демилгени изилдөө боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүүнү макулдашышты. 

Белгилей кетсек, корпорациянын портфелине Geely, Lynk & Co, Zeekr, Volvo, Polestar, Proton жана Lotus сыяктуу бренддер, ошондой эле беш ири илимий-изилдөө борбору жана дүйнө жүзү боюнча ондон ашык өндүрүштүк базалар кирет. Продукцияны сатуу тармагы 100дөн ашык өлкөнү жана аймакты камтыйт.

Жумушчу сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле КЭРдин бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө социалдык объектилерди куруу, коммуникация, логистика жана банк-каржы сектору тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары талкууланды.