Калкка укуктук жардам берген «Тилектештик автобусу» Жалал-Абад облусуна барат
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 сентябрь

Калкка укуктук жардам берген «Тилектештик автобусу» Жалал-Абад облусуна барат

Кыргызстандын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын «Тилектештик автобусу» 5-7-октябрь күндөрү мобилдик чыгуусу менен Жалал-Абад облусуна сапар алууда. 

Юстиция министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы тургундар үчүн уюштурулат.

Анда тажрыйбалуу жактоочулар жана кеңешчилер бардык мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте калкка бардык суроолор боюнча акысыз жардам көрсөтүшөт.

  • 5-октябрь – Ноокен району, Шамалды-Сай айыл аймагы
  • 6-октябрь - Аксы району, Кербен шаары
  • 7-октбярь- Ала-Бука району Ала-Бука айыл аймагы.

Министрликтен «Тилектештик автобусу» саат 10:00дөн 16:00го чейин иштей тургандыгын кошумчалашты.