Кыргызстандагы жеке спорт залдарына лицензия берүү сунушталууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 октябрь

Кыргызстандагы жеке спорт залдарына лицензия берүү сунушталууда

Кыргызстандагы жеке спорт залдары белгиленген талаптарды сактап, тиешелүү уруксат кагазын алышы керек. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев «КААР» подкастында билдирди.

Анын айтымында, агенттик жеке спорт залдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү көздөп жатат. Лицензия берүү маселесин караган комиссия жайдын абалын, жарыктандыруусун, жабдууларын жана башка шарттарын баалашы керек.

Асанбаев машыктыруучулардын квалификациясына да өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, спорт залдарында тиешелүү жогорку билимге ээ адистер менен катар ар кандай сертификаттары бар машыктыруучулар да иштешет.

Ал машыгууларды уюштурууда адамдын ден соолугу башкы орунда турушу керектигин белгилеп, машыктыруучуларга жана машыгуу шарттарына коюлуучу талаптар так болушу зарылдыгын кошумчалады.