Сүрөт: Violeta Santos Moura/REUTERS
29 октябрь
Садыр Жапаров Испания элине көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Испания Королдугунун Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдардын каза болушуна байланыштуу Испаниянын падышасы Филипп VIга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Испания Королдугунун Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдар каза болуп, көптөгөн жарандар жаракат алды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Испания элине бул каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтам.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
