Кыргызстанда жеке маалыматтарды коргоого багытталган санариптик сервис ишке киргизилди
Кыргызстанда «Түндүк» тиркемесинде жеке маалыматтарды коргоого багытталган «Сурамдардын тарыхы» санариптик сервиси пилоттук режимде ишке киргизилди.
Анын максаты — жеке маалыматтарды иштетүүнүн ачыктыгын камсыздоо жана жарандардын санариптик мамлекеттик кызматтарга болгон ишенимин арттыруу.
Жаңы сервис Бишкекте өткөн эл аралык Data Protection Forum 2026 «Ишеним. Коопсуздук. Келечек» форумунун алкагында тааныштырылды.
Форумга мамлекеттик органдардын, бизнестин, эл аралык уюмдардын, IT тармагынын, эксперттик жана академиялык коомчулуктун, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын 300гө жакын өкүлү катышты.
Иш-чарага Франция, Эстония, Бириккен Араб Эмираттары, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген адистер, ошондой эле Европа биримдигинин өкүлдөрү катышты.
Форумда санариптик чөйрөдө жеке маалыматтарды колдонууга байланышкан тобокелдиктер негизги темалардын бири болду. Катышуучуларга жасалма интеллект технологиялары аркылуу дипфейктерди түзүү, үндү клондоштуруу жана жасалма санариптик профилдерди түзүү мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров акыркы беш жылда Кыргызстанда жеке маалыматтарды коргоонун улуттук системасынын негиздери түзүлгөнүн белгиледи.
Анын айтымында, технологиялардын өнүгүшү мыйзамдарды тынымсыз өркүндөтүүнү, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнү жана калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатууну талап кылат.
Форумда маалыматтарды коргоонун эл аралык стандарттары, жасалма интеллектти колдонуу, мамлекеттик маалыматтык системалардын коопсуздугу, маалыматтарды чек ара аралык берүү жана кибералдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери да талкууланды.
Мындан тышкары, Кыргызстан Грузиянын Мамлекеттик аудит кызматы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Ошондой эле Азербайжандын Киберкоопсуздук боюнча улуттук агенттиги менен кол коюлган меморандумдар алмашылды.
