Бишкекте 1 870 көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 октябрь

Бишкекте 1 870 көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди

2026-жылдын 29-октябрында «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы турак үйлөрдү жылуулук менен камсыздоо системасына кошуу иштерин улантууда.

Бишкек мэриясынын маалыматына таянсак, саат 18:00гө карата 1 870 көп кабаттуу турак үй жылытуу системасына кошулду.

Учурда «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы жылуулук системасындагы гидравликалык режимдерди жөнгө салуу жана абоненттерди жылытуу системасына бирдей шартта кошуу иштерин жүргүзүүдө.

Жылуулук менен камсыздоо системасын децентралдаштыруунун алкагында № 10 кичи район толугу менен «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлдү. Учурда ишкана аталган аймактагы турак үйлөрдү жылытуу системасына кошуу иштерин баштады.

Мындан тышкары, бүгүн «Бишкекжылуулуктармагы» жана «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканалары Куруучулар шаарчасындагы, Энергетиктер шаарчасындагы жана Учкун кичи районундагы турак үйлөрдү жылытуу системасына кошуу иштерин башташты.

Учурда бул аймактардагы 57 турак үй жылытуу системасына кошулду. Аталган аймактар да децентралдаштыруунун алкагында «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлгөн.